Жыл башынан бери Бишкекте 7 миңден ашык кылмыш катталган

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 9 айында Бишкек шаарында 7469 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.   

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын тогуз айына салыштырганда 581 фактыга аз. 

Маалыматта белгиленгендей, кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгүнө ички активдүү миграция, өлкөдөгү социалдык жана экономикалык абал, ошондой эле алыскы аймактардагы жумушсуздук себеп болуп эсептелинет. Андан сырткары жыл башынан бери кылмыштардын бетин ачуу 68,7 пайызды түзгөн. Бул 2013-жылдын көрсөткүчүнө караганда 11 пайызга көп дегенди билдирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан