Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт министрлигинин статс-катчысы Mаксатбек Дыйкановдун иши сотко жөнөтүлдү

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт министрлигинин статс-катчысы Mаксатбек Дыйкановдун иши сотко жөнөтүлдү. Эми ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө ири коррупциялык мыйзам бузуулар катталганы аныкталган. Жалал-Абаддагы Курулуш башкармалыгы тарабынан 2010-2013-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен жол курууга багытталган 22 миллион 11 миң сом мыйзамсыз пайдаланылган. 

Мындан сырткары аталган каражаттын 5 миллион 200 миң сому министрликтеги жооптуу кызматкерлерге ооз басырык катары берилгени маалым болгон. Азыркы тапта кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Айта кетсек, Mаксатбек Дыйканов Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан