Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында “Түндүк электр” ишканасынын бөлүштүрүүчү тармактарына 292,2 миллион кВт саат электр энергиясы түшкөн. Ал эми калк арасындагы электр энергиясына болгон төлөм чогултуу 89 пайызга аткарылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, товардык продукция 270 миллион сомду түзүп, анын 265,9 миллион сому чогултулган, башкача айтканда, көргөзүлгөн сумманын 98,5 пайызы чогултулган. Өндүрүштүк объектилерден – 94 пайыз, бюджеттик уюмдардан - 127 пайыз, айыл чарба объектилеринен - 107 пайыз жана башка керектөөчүлөрдөн 105,5 пайыз чогултулган.
Ошондой эле “Түндүк электр” ишканасы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй болду: Бишкектеги төлөм чогултуу - 104,9 пайыз, Чүй облусунда - 90,7 пайыз, Талас облусунда 104,3 пайызды түзүүдө.