Бишкекте бир канча жолу алдамчылыкка барган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургундарынан арыз келип түшкөн. Анда арыз ээлеринин 1969-жылы туулган Сергей Шингаревдин алдамчылык иш-аракеттеринен жабыркашкандыгы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган жаран кармалган.
Бишкек ШИИББи билдиргендей, Шингарев жергиликтүү гезит беттерине карыздарды кайтарып берүү боюнча кызмат көрсөтөрүн жарыялап, жарандардан кызматы үчүн карыздын өлчөмүнүн 10 пайыз үлүшүн алдын ала эле алып алган. Акчаны алары менен белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Кылмышка шектүү буга чейин “алдамчылык”, “коркутуу” беренелери боюнча соттолгон.
Азыркы учурда кармалган адамдын шаардын аймагында жасалган башка дагы ушуга окшош кылмыштарга тиешесинин бар же жок экендиги такталууда.
Эгерде жогоруда аты аталган адамдан жабыр тарткандар болсо, 0553 120 807, 0553 102 618, 0558 055 045 номурлары аркылуу кайрыла алышат.