* Мындан 93 жыл мурун, 1921-жылы Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган. Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, А.Табалдиев, Ч.Айтматов клубдарынын эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы кыргыз балбаны Кожомкул Кааба уулу 67 жаш курагында көз жумган. Кожомкул Кааба уулунун туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда туулган деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт. КРнын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Билими 2 класстык болуп, документтерге латын тилинде "Gabajev" деп кол койгон.
* Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы Парижде “Сүйүү дубалы” ачылган. 40 чарчы метрди түзгөн дубалда 311 тилде, башкача айтканда, дүйнөдөгү бардык расмий тилдерде “Мен сени сүйөм” деп жазылган.