24-27-январь күндөрү ЖКнын депутаты Асия Сасыкбаева жетектеген делегация Орусиянын Екатеринбург шаарына иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Делегациянын курамында ЖКнын депутаты Эгемберди Эрматов, премьер-министрдин кеңешчиси Султан Раев, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев, «Ысык-Көл» форумунун вице-президенти Сергей Стрижак болду. Иш сапардын алкагында Свердлов облусунун вице-губернатору, Свердлов облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы жана ал жактагы кыргыз мигранттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу жаатында бир катар расмий документтерге кол коюлду.