Өтмөк ашуусунда контрабандалык жүк менен 6 оор жүк ташуучу унаа кармалды

Өтмөк ашуусунда контрабандалык жүк менен 6 оор жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унааларда АИ-80 үлгүсүндөгү 235 миң литр күйүүчү май болгон. Эксперттердин баамында, анын жалпы наркы 10 миллион сомдон ашат. Унаалар Таластан Ошко карай жол тартып бара жатышкан. Текшерүү учурунда жүктүн тиешелүү документтери жок экени, контрабандалык товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнү аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан