Бишкектин айрым көчөлөрүндө бүгүн, 15-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин “акылдуу” эсептегичтерди орнотууга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, Белорусская, Суванбердиев, Казаков, Абдыраев, Профсоюз, Бородин, Кара-Кум, Ильменская, Нарвская көчөлөрүндө “акылдуу” эсептегичтер орнотулмакчы.