Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 5 адамдын бири дале дайынсыз болууда

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги 5 адамдын бири дале дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү саат 13:50 чамасында Аламүдүн районунда Хонда Одиссей унаасы Чоң Чүй каналына түшүп кетип, бир адам сууга агып кеткен. Унаанын ичинде жалпы 5 адам болгон. Алардын төртөө суудан чыгышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан