Орусияда жасалма паспорт менен качып жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Орусияда жасалма паспорт менен качып жүргөн кылмышкер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, КРнын ИИМине караштуу 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жаран Орусиянын аймагында жасалма документтер менен жүргөнү аныкталган. Жасалма паспорт менен жүргөн 1967-жылы туулган жаранга карата 2006-жылдын июль айында "бирөөнүн мүлкүн тартып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура аны камакка алуу өкүмүн чыгарган. Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан ага издөө салынган болчу. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 2009-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү аталган жаранга аты-жөнү жана туулган жылы өзгөртүлгөн жаңы паспорт беришкени аныкталган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abdullaevich
2014-10-15 10:53:30
Pasport stoldo iwtegenderdi katuu tekweruugo aluu kerek alar 4on bizneske aylantirip aliwkan pasport jasap satiwat
0
D.U.P
2014-10-15 23:12:46
Атын фамилясын жазып койбосунарбы Кыргызбы (озбокпу)
0
iskra77
2014-10-16 04:24:43
Бироонун паспорту менен келип иштеген адамдар коп эле. Кандай коркпой иштешет танмын. Мектепти буто элек кыздар башка паспорттор менен келип иштеп да журушот. Ошолордун ата энеси эмнени карап отурушат билбейм. Бир кыз бар быйыл 10чу класска барыш керек а бирок ал бироонун паспорту менен келип иштеп журот. Апасы жапжаш эле. Кызын жонотуп коюп озу кыргызстанда жатат жыргап. А кызы бул жакта кандай кылып акча тапканы менен иши жок. Адамдардан ыйман кетти!
+1
kapitan050868
2014-10-16 11:45:10
андай адамарды мыйзам чегинде жазалоо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан