Сот орусиялык футболчу Андрей Аршавинди 2023-жылдын декабрына чейин (улуу баласы 18ге чыкканга чейин) жубайына айлык акысынын 50 пайызын алимент катары ай сайын төлөп турууга милдеттендирген эле. Анын мурунку жарандык никедеги жубайы Юлия Барановскаянын айтымында, соттун бул талабы аткарылбай жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Андан тышкары футболчу мурунку жарандык никедеги жубайы Юлияга Лондон шаарынан батир жана автоунаа белек кылууну убада кылган. “Андрей бул убадасын да аткарган жок” дейт Юлия.
Кошумчалай кетсек, жубайлар 2013-жылы ажырашышкан.