Октябрь районуна караштуу 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде асынган кемпирдин өлүгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аялдын жансыз денеси анын батиринен табылган. Анын 1937-жылы туулгандыгы жана ал өз өмүрүнө кол салгандыгы белгилүү болгон. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.