Ош облусундагы мечиттердин саны 800дөн ашуун, бирок айрымдары каттоодон өткөн эмес

Ош облусунун аймагында 820дан ашуун мечит иш алып барууда, бирок айрымдары эч кандай каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов билдирди.

“Акыркы бир жумадан бери облус аймагындагы ар бир мечиттин документтери текшерилүүдө. Айрым мечиттер жеке тараптар, демөөрчүлөр тарабынан курулуп жатат, бирок алардын ачылуусу жергиликтүү диний жетекчиликтердин уруксаты менен болуусу зарыл. Ар бир мечит каттоодон өтүүсү жана аны сөзсүз түрдө документтештирүү зарыл”,- дейт Ниязалы ажы Арипов.

Анын айтымында, учурда облус аймагындагы документсиз мечиттерди курган тараптарга каттоо күбөлүгү жана  мечитке дайындалган имамдын тийиштүү буйругу жөнүндөгү тастыктама документинин керектиги туурасында түшүндүрүү иштери да кызуу жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан