Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анда Октябрь районунда санитардык абал көзөмөлгө алынбай жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Октябрь районунун 6 кичи району, Сухэ көчөсүндө жайгашкан “Санет” рестораны, “Нур” унаа жуучу жайы жана “X-O” дүкөнүнүн жумушчулары тарабынан эреже бузуулар аныкталган. Жумушчулар кургак тиричилик таштандыларын баш аламан ташташкан. Натыйжада Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери объектилердин кожоюндарынын аттарына Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин №489-беренеси боюнча протокол түзүп, Октябрь районунун административдик комиссиясынын кароосуна жиберишти.