Бишкекте бүгүн, 15-октябрда тоскоолдуктарды ашып өтүү боюнча веложүрүшкө катышууну каалоочуларды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложүрүш 19-октябрь күнү Кара-Жыгач токоюнан башталат. Анда катышуучулар 7 чакырымды түзгөн аралыкты компас жана картанын жардамы менен басып өтүүсү керек. Аталган веложүрүш эки топ менен өтмөкчү: биринчисинде 14 жаштан 17 жашка чейинки уландар арасында, ал эми экинчи топ 14 жаштан жогорку кыздар-балдар арасында болмокчу.