Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаган жарандарды шайлоого катыштырбоо демилгеленди

Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча коомдук угуулар башталды. Иш-чара президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин астында өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандардын шайлоодо добуш бербөөсүн ишке ашырууну демилгелеп, депутаттарга кайрылды.

Анын айтымында, бардык керектүү жабдуулар өлкөгө алып келинген. “Октябрь айында алар өлкөнүн аймактарына жеткириле баштайт. Жарандар биометрикалык маалыматтарын өзүнүн жашаган жеринен тапшырууга милдеттүү эмес. Каалаган жеринде, вокзал болобу, аэропорт болобу, ал биометрикалык каттоодон өтө алат”,- деп түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Umka220190
2014-10-15 11:56:00
М...жарандын укугун тебелөө демилгеленип жатыптыр да... Кыйратышыптыр.
0
mirbakg
2014-10-15 12:14:53
Энен шайлоо менен ал нерсенердин эмне аралаштырасынар !? Бирок Кыргызстанда шайлоо деген Аты эле болбосо заты давно эле асынып олуп алганго! Элдин шайлаганы кочодо эле калат силер озунор каалаган Адам шайлоого чейин белгиилуу болуп утуп чыгат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан