Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо "Дипломатиялык кызмат – бул өзгөчө шык-жөндөмдү талап
кылат. Атуулдук жана кесипкөйлүк, ар дайым билимге умтулуу, өзүн-өзү өркүндөтүү,
демилгелүүлүк, принципиалдуулук, терең ой жүгүртө билүү, мезгил менен кадамдаш болуу
жана активдүү турмуштук позиция – биздин өлкөнүн атынан иш алып барган ар бир
дипломатты айырмалап туруучу өзгөчө касиет. Бүгүн
биз Сиздер менен татаал сыноолорду басып өткөн Кыргызстандын азыркы тарыхындагы
жаңы барактарды ачып жатабыз. Жогорку деңгээлдеги көп сандаган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү Тышкы иштер министрлигинин жамаатынан
ырааттуу иштөөнү жана республиканын бардык мамлекеттик органдарынын ишин так
координациялоону талап кылат. Биздин өлкөнүн улуттук таламдарын коргоодо ар дайым
кыраакы болуу менен Сиздер мындан ары да чын дилиңерден иштеп, тышкы саясый жаңы
ийгиликтерге жетишип жана өзүңүздөрдүн бай тажрыйбаңыздарды дипломатиялык
кызматкерлердин кийинки муундарына өткөрүп бересиздер деп ишенем" деп жазылат