Бишкекте жол кырсыгы катталып, 2 айдоочу жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 15-октябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 14-октябрда болгон. Анда 34 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы унаа 79 жаштагы жарандын башкаруусундагы унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен эки айдоочу тең жабыркаган. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби иликтенип жатат.