Орусия Федерациясына кирүү үчүн чектөө мыйзамы чыккандан бери Ош шаарында февраль айынан бери 15 миңден ашуун жаран "кара тизмеде" бар же жок экенин аныктоо үчүн КРнын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнө кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда
SUPER.KG порталына аталган мекеменин башкы адиси
Салима Исмаилова билдирди. Анын айтымында, бул тизмеге себеби жок кирип калган жарандар жок эмес.
"Биздин мекеме ушул жылдын февралынан баштап "кара тизмеде" бар же жок экенин аныктоо ишин жүргүзүп келет. Ошол убакыттан бери кайрылгандардын саны 15 миңден ашты. Алардын 4 миңи "кара тизмеде" бар болуп чыкты. Биздин өкмөт "кара тизмеден" чыгаруу үчүн Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүдөн кийин чыгарылган мыйзамдын негизинде Ош шаарынан 300 арыз келип түшкөн. Алардын 260ы Орусияга жеткирилди. Учурда арыздар каралып жатат. Ал эми мамлекеттик органдардын ар бир жаранга аларга тиешелүү маалыматты жеткирүүсү тууралуу мыйзамга ылайык, биз "кара тизмеде" бар экенин же жогун 3 мүнөттө тактап берип жатабыз",- деди Исмаилова.
Аталган тизмеде бар же жок экенин аныктоо үчүн келген Имамидин Шарабидинов буларга токтолду: "Орусиядан Ошко келип, кайра кетейин деп учакка билет алып койгом. Уча турган күнү аэропортко барганда "кара тизмеде" экенимди айтышып, жөнөтпөй коюшту. Орусиянын аймагында мыйзам бузган эмесмин. Бирок Новосибирск шаарына барганымда 7 күндүн ичинде каттоого турушум керектиги тууралуу кагаз берилген. Мен 7-күнү барганымда бир күн кечиккенимди айтышып, каттоого алышкан. Балким, ошол себептүү бул тизмеге кирип калдым окшойт. Бүгүн "кара тизмеден" чыгуу боюнча арыз жазуу үчүн келдим. Турмуш шартка байланыштуу чет жакта иштешим керек".
Айта кетсек, аталган мекемеге "кара тизмеде" бар-жогун аныктоо үчүн күнүнө 60тан 100 адамга чейин кайрылышат.