Кант шаарында акча уурдоо фактысына шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кант шаарынын 53 жаштагы жараны кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүндөгү 28 миң долларын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада кылмышка шектүү катары ошол эле шаардын 52 жана 46 жаштагы тургундары кармалган. Учурда эки жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.