Нарындагы Чкалов атындагы гимназиянын окуучулары юстиция министринин орун басары менен жолугушту

Бишкекте бүгүн, 15-октябрда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы гимназиянын окуучулары КРнын Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги максаты - өсүп келе жаткан жаш муундарды кесип тандоодо жоопкерчиликтүү болууга үндөө. Жолугушууда келечекте юрист болууну каалаган жаштарга аталган кесиптин негизги өзгөчөлүктөрү айтылып, министрликтин ыйгарым укуктары жөнүндө да жалпы маалымат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан