Бишкекте бүгүн, 15-октябрда КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев Канттагы Азиялык медицина институтунун тегерегиндеги маселе боюнча тиешелүү өкүлдөр менен жолукту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Акыйкатчы өз сөзүндө Азиялык медицина институтунун 100дөн ашык студенти диплом алуу, окууну улантуу маселеси менен төрт жолу келишкендигин белгилеп: “Чет өлкөдөн келип билим алып жаткан студенттердин укугун коргоо - биздин милдетибиз, бул маселени тез арада оң тарапка чечпесек, өлкө башчысына сөз тийип, эл аралык мамилелерге залалы тийиши мүмкүн”,- деди.
Маселени тез арада чогуу чечүү үчүн жолугушууга келгендердин ар бири ой-пикирин, сунуштарын айтышты. Жыйынтыгында акыйкатчы бул маселени терең изилдөө боюнча тиешелүү органдардан турган мекеме аралык комиссия иштеп жаткандыгын айтып, мыйзамга ылайык, парламенттин деңгээлине алып чыга тургандыгын белгиледи.
Жолугушууга Азиялык медицина институтунун жетекчилери, КРнын Билим берүү министрлигинин кызматкерлери, көз карандысыз адвокаттар, КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери катышты.