Чүй облусунда автобус Бишкек – Торугарт унаа жолунун ортосундагы бетон тосмону сүзүп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Setra үлгүсүндөгү автобустун 39 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган. Автокырсыктын кесепетинен жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилип, учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.