
* Мындан 100 жыл мурун, 1914-жылы Ооганстандын акыркы падышасы
Мухаммед Захир-Шах Кабулда туулуп, 2007-жылы 23-июлда 92 жашында көз жумган. Ал өлкөнү 1933-жылдын 8-ноябрынан 1973-жылдын 17-июлуна чейин 40 жыл башкарып, аталаш тууганы тарабынан бийликтен кулатылган.

* Мындан 78 жыл мурун, 1936-жылы советтик киши өлтүргүч
Андрей Чикатило Украинанын Яблочное кыштагында туулган. Анын 1978-жылдан 1990-жылга чейин 53 адам өлтүргөнү далилденген (өзү 56 адам өлтүргөнүн моюнуна алган, оперативдик маалыматтар боюнча, 65тен ашык өлтүрүүлөр болгон). Андрей Чикатило "Кутурган жырткыч", "Ростов ич жаргычы", "Кызыл ич жаргыч", "Токой тилкесинен чыккан өлтүргүч", "X жараны", "Шайтан", "Советтик Жек ич жаргыч" деген аттарга конгон. Ал 1990-жылы 20-ноябрда кармалып, сот аны өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарган. Өлүм жазасына тартылардын алдында Орусиянын ошол убактагы президенти Борис Ельцинге кылмыш жазасынан куткарууну суранып кат жазган. Суранычы четке кагылып, 1994-жылдын 14-февралында Чикатило өлүм жазасына тартылган.

* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы “Евровидение-2012" Эл аралык сынагынын жеңүүчүсү, швециялык ырчы
Лорин Швециянын Стокгольм шаарында төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү – Лорин Зинеб Нока Тальхауи. Ал 2012-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн “Евровидение" сынагына катышып, 42 мамлекет катышкан сынакта мыкты аткаруусу, өзгөчө бийи менен 372 добуш чогултуп, “Эйфория” аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип алган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Лондондун соту финансылык кылмыштарга шектелип кармалган Максим Бакиевди 250 миң фунт стерлингден турган күрөө менен бошоткон.