Аламүдүн районунун мурунку акими “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган К.С. аттуу жаран учурда убактылуу кармоочу жайда. Ал 2008-жылы Аламүдүн районунун акими болуп турган убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Байтик, Лебединовка, Кара-Жыгач айыл аймактарындагы айыл чарбага керектүү жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо чечимин чыгарган. Мунун негизинде 42,4 гектар жер тилкеси “жайыт” категориясына кирип калган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.