Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы 23-октябрда ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 15- октябрда аталган окуу жайдан Зинагүл Нуралиева билдирди.
Анын айтымында, аталган клиника 2013-жылдын октябрь айында башталып, быйыл бүттү. Клиника европалык стилде курулуп, 250 орунга ылайыкташтырылган. Анда неврология, кардиология, эндокринология, терапия, дарт аныктама жана кеңеш берүүчү бөлүмдөр бар. Ошондой эле студенттер, аспиранттарга практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айта кетсек, аталган клиниканын ачылыш аземи 23-октябрда болот.