Борбор калаанын Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15-октябрда Горький сейил багында нааразылык акция учурунда кармалган “Жаңы муун” кыймылынын 5 мүчөсүнө айып пул салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.
“Сот "милициянын талабын аткарбай, укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөн" деген негиз менен "административдик тартип бузду" деп үч адамга 500 сомдон, экөөнө 200 сомдон айып пул салды”,- дейт М.Аскарбеков.
Эске салсак, бүгүн Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү электр энергиясына жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык акциясын өткөрмөк. Бирок акция үзгүлтүккө учурап, айрым активисттер милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен.