Таш-Көмүр шаарында Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнү белгиленди

Таш-Көмүр шаарында Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага куткаруучулар, Шаардык өрт коопсуздук бөлүмүнүн өздүк курамдары, Таш-Көмүр шаарындагы мектептердин мугалимдери жана окуучулары катышышты. Анын алкагында жыйын  өткөрүлүп, андан кийин куткаруу учурунда колдонулуучу аппараттар, өрт коопсуздугу бөлүмүнүн өрттү өчүрүүдөгү колдонулуучу техникалар жана жер астына, тоннелдерге кирүүдө колдонулуучу дем алуучу шаймандар тааныштырылды. Андан соң куткаруучулар тарабынан адам өмүрүн сактоо боюнча практикалык иш-чаралар көргөзүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан