Токмокто жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу республикалык Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-октябрь күнү Токмок-Сан-Таш унаа жолунун 23-чакырымында болгон. Анда айдоочу рулду башкара албай калып, унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу ошол жерде каза тапкан. Дагы бир жүргүнчү жабыркаган. Учурда ал ооруканада.