Өткөн сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Сузак районунун Көк-Арт айылында жыгач устундуу, шифер менен жабылган ашкана толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.