Бейтаптын бир эмчегин кесип салган хирургга кылмыш иши козголду

Операция учурунда бейтап айымдын бир эмчегин кесип салган хирург Зинаида Карабековага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына бейтап Гүлзина Байтаева билдирди. Бул маалыматты SUPER.KG'ге Бишкектин Октябрь РИИБи тастыктады.

Маалым болгондой, хирургга карата кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) боюнча козголду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-августунда бейтап Г.Байтаева маалымат жыйын өткөрүп, "хирург эмчегимди жаңылып кесип салган” деп билдирген. Андан соң 18-августта ал "менин ишимди иликтеп жаткан Улуттук онкология борборунун комиссиясын күнөөлүүлөрдүн биринин атасы жетектеп жатат" деп арызданган. 20-августта КРнын Президентинин аппараты бейтаптын ишин калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштаганы белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dadin1
2014-10-16 11:17:56
Иш козгошуго козголуптур,жыйынтыгы кандай болоор экен.Ошол оз ишин так билип аткарбаган хуруг айымдан жабырлануучуга коп суммадагы акча,Моралдык компенсация толотуп,анан жок эле дегенде 15 жылга камаш керек.Башка ак халатчандарга да сабак болот эле.
+5
mikinookat
2014-10-16 11:37:47
хирург анализдин жыйынтыгына карап ишин кылат ко,,,анализ алгандарды да текшереби озу
0
asal
2014-10-16 14:24:46
жашап калганына суйунбойтда адамдарей эгер кеспегенде бирнерсе ооруп калса дагы даттанмак
0
formula12
2014-10-16 14:32:06
asal, ошол соо адамдын эмчегин рак деп кесип салганы учун кылмыш иши козголуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан