Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 13-октябрь түнү Жети-Өгүз районунда болгон. Анда Хонда Степвагон жана ВАЗ 2106 унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен ВАЗ 2106 унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү каза тапкан. Ошондой эле 3 жүргүнчү жабыркаган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.