Кечээ, 15-октябрь түнү Бишкек – Ош унаа жолунун 646-чакырымында 26 жаштагы айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен Кара-Суу районунун Кызыл-Адыр айылынын 23 жаштагы тургуну каза тапкан. Ошол учурда маркум жолдун аркы тарабына өтүп бара жаткан. Аны унаасы менен сүзүп алган айдоочу Лейлек районунун 26 жаштагы тургуну болгон. Учурда бул жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.