Бишкекте бүгүн, 16-октябрда Улуттук онкология борборунун башчылыгына сынак өтмөк. Бирок бир катар мыйзам бузуулардын табылганынан ал ишке ашырылган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чогулгандарга аталган борбордун директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Шайымбетов КРнын Саламаттыкты сактоо министринин сынакты өткөрбөө боюнча буйругун окуп берди.