Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Башкы прокуратура Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын кызмат адамдарына жана жеке компаниянын өкүлүнө карата козголгон кылмыш ишин Каракол шаардык сотуна жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган дирекциянын кызмат адамдары жеке ишкана менен ич ара сүйлөшүп алышып, Ысык-Көл облусундагы мектеп, училище, балдар бакчасын оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн акчаны өздөрүнө чегерип алышкан. Бул боюнча “коррупция”, “алдамчылык”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан