“Ар-намыс” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Төрөкан Жунусбеков электр энергиясын кризиске алып келгендер жоопкерчиликке тартылсын деген максатта саясий ачкачылык акциясын улантып жаткандыгын бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Саясий ачкачылык акциясын унаада отуруп алып улантып жаткан Төрөкан Жунусбеков: “Биз электр энергиясын кризиске алып келгендерди 3 күндүн ичинде жоопкерчиликке тартууну, Энергетика министрлигине ошол тармакты түшүнгөн адамдын шайлануусун талап кылуудабыз”,- деди.
Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү электр энергиясына жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык акциясын өткөрүшмөк. Бирок акцияны милиция кызматкерлери үзгүлтүккө учуратышкан.