Бүгүн, 16-октябрь күнү интернетке KG номурлуу 3 унаанын бир убакта жол эрежесин бузганы боюнча видео тараган. Видеодо Фучик көчөсүндө келе жаткан KG номурлуу 3 унаа экинчи катардан Жибек Жолу көчөсүнө бурулган. Эрежеге ылайык, үчүнчү катардан бурулуу керек эле. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматына кайрылганыбызда, чынында эле жол эрежеси бузулганын, учурда кат даярдалып жатканын, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн билдиришти.
Кодекске ылайык, экинчи катардан бурулууга 1000 сом айып пул салынат.