“Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууну пландап жатат. Бирок Өзбекстан аркылуу алып өтүү керек болгондуктан, кыйынчылыктар бар”,- деп билдирди энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 16-октябрда парламентте. Анын айтымында, Кыргызстан энергетикалык кризиске туруштук берүү үчүн импорттук энергияга муктаж. “Түркмөнстандан электр энергиясынын баасын 2,5 -2,7 центтен алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бирок сүйлөшүү аягына чыга элек”,- деди Турдубаев. Казакстандан алынган 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын октябрь айынан кийинки жылдын апрелине чейин пайдалануу пландалып жатканын кошумчалады.