“Орусия аймагында мыйзам бузуп "кара тизмеге" түшкөн кыргызстандыктарга жардам бере албайбыз” дейт эмгек, миграция министринин орун басары

"Орусия аймагында мыйзам бузуп, "кара тизмеге" түшкөн кыргызстандыктарга эч кандай жардам бере албайбыз". Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди.  

"Орусиянын Федералдык чек ара кызматынын "кара тизмесинде" мыйзам бузган кыргызстандыктар гана эмес, башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. Орусиянын Ички иштер министрлиги же Федералдык коопсуздук кызматы аркылуу бул тизмеге түшкөндөргө эч кандай жардам бере албайбыз. Себеби биздин жарандардын көпчүлүгү легалдуу эмес. Алардын жумушка орношууга уруксаттары, тиешелүү документтери жок”,- дейт Д.Бекмурзаев.

Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү жумушка орношууга уруксат берүүчү жасалма кагаздарды сатып алып иштешет. Ал эми тиешелүү мекемелердин текшерүүлөрүнөн кийин алар "кара тизмеге" дароо түшүп калышат. Ал статус мыйзам бузгандардын катарын толуктайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Dadin1
2014-10-16 14:52:27
Бажы союзуна киргенде кара тизмеден чыгып кетебиз дегендер!!! Он кулак,сол кулагынарды жакшылап тазалап,козунорду чон ачып Доскул Бекмырзаев мырзанын айткандарын окуп,угуп алгыла.
+2
Begimkyz
2014-10-16 14:58:12
Хмм, өткөндө бириси "чыгышат" дегенин окудум жле, мунусу "чыкпайт" дейт.
0
Sake80
2014-10-16 15:21:00
Жардам бере албасанар неге иштеп атасынар анда
0
Aidar12.05.88
2014-10-16 15:29:14
Мынча жалганчы болуп калган биздин чондор уят Эле.
0
jakshilik.fcsm
2014-10-16 15:36:17
Бажы союзуна киргенден кийин россияда емгектенгенде разрешение на работу жасатабы же жасатпайбы? Кимдин кабары бар?
0
myrza80
2014-10-16 19:11:12
jakshilik.fcsm, откондо бир кыргыз бала депорт болуп ошонун иши менен фмсте журдум эле ошондо фмстин инспекторунан сураганымд айтты эле патент раз.на раб. керек эмес бирок иштеген жеринден труд.соглаш.болсо пропискан 1жылга болот деп,бирок билбейм кайсы шаарда кандай закон.
0
wwwbaxa
2014-10-16 15:47:57
суйлогондон башка эч нерсе кыла алышпайт булар,суйлотуп эле койсо....
0
bilimbek
2014-10-16 16:44:44
Неге министир болуп журосун анан!!!!
0
azema9
2014-10-16 16:51:13
да?! анда мени тосуп ал кыргызстаным
0
zarbalik
2014-10-16 20:33:58
Бул министирлик кереги барбы озу?
0
Ala-Too
2014-10-16 22:47:30
Озу бул министрликтин кызматы кечке аш-тойлоп журуу, Алиясбек да бул кызмат атасынан калган мурастай жабышып бербей отурат го, эртен бийлик алмашса кором Атамбаевтин артынан кетеби же ошондо да кокурогун каккылап креслосуна жабышабы тоону томкоргондой... Баатыр деген аянтта элге аралашып анан адашкан окко кабылган бироо эмес, ушундай жооптуу кызмат тапшырылганда ошону туура тушунуп элге ак кызмат кылып элдин оорун колдон алып элине пайда алып келген инсан баатыр!!! Ал эми Алиясбек ким?!!!
+1
Ala-Too
2014-10-16 22:51:05
Эгер бул министрлик иштеймин десе аткарууга ошончо коп иш бар, бери дегенде Москвада элчиликте жана Россиянын 2-3 ири шаарында окулдорун, кызматкерлерин коюп кыйналган кыргыз жараандарына арзан документ жасап берууну, акысыз юридикалык кенеш жана кызмат сунууну, эмгек жарманкелерин уюштуруп жумуш табууга жардам берууну колго алса болбойт беле... Документи жок жургондор алданып "кидала" болуп акчасыз калып документин оз убагында бутуро албаган жараандарыбыз. Ошолорго жардам берсе болмок!!!
0
RONNI
2014-10-16 23:27:27
Ala-Too, кайра орустарданда кымбат жасайт 2 эссе
0
omor.86
2014-10-17 00:15:14
Доскул Бекмырзаев мумкун болсо сиз менен жолугуп эле суйлошойлу.куйуп баратам,откондо эле кыркка жакын Адам чыкты дешкен эле .....ООО кудай озун сактай кор.
0
bai.kymbat
2014-10-17 11:33:52
Урматтуу Доскул мырза! Айтынызчы, кандай маселеге жардам бере аласынар? т.а колунардан эмне иш чечилет? бизда ошол суроо бонча кайрылалы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан