Токмок шаарында адам уурдоо фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-октябрь күнү милиция кызматкерлерине Токмок шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 11-октябрь түнү шаардагы кафелердин биринде отурган 21 жаштагы жаранды белгисиз 4 бала сабап, Мазда унаасына салып кетишкенин айткан. Кийин уурдалган баланын жакындарынан 300 доллар сурашкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн баары кармалган. Алар ошол эле Токмок шаарынын тургундары болушкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.