Эмгек мигранттары болуп чет өлкөгө кеткендердин 80 пайызы айыл жергесинин тургундары. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына саясий серепчи Игорь Шестаков билдирди.
“Акыркы изилдөөлөрдүн негизине ылайык, чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттарынын 80 пайызы айыл жергелеринен болушат. Себеби биздин өлкөдө айыл чарба тармагы өнүккөн эмес”,- дейт И.Шестаков.
“Учурда Бажы биримдигине кирүүгө бир катар аракеттер көрүлүүдө, бул жаңы жумуш ордуларынын пайда болушуна мүмкүнчүлүк берет. Менимче, бул кадам менен биз көптөгөн жарандарыбызды өз өлкөбүздө жумуш орундары менен камсыздай алабыз”,- деп кошумчалайт серепчи.