Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аскер кафедрасына киргизүү убадасы менен шаар тургунунан 500 доллар алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Б.Адилет аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Темирлан аттуу бала аскер кафедрасына киргизүү убадасы менен 500 доллар алып, кийин из жашырып качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы А.Темирлан кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.