Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүнө 3,7 миллион сомго жаңы от казаны орнотулду

Бүгүн, 16-октябрда Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө жаңы орнотулган от казанынын ачылышы өттү. Иш-чарага социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, аталган жатак-үйдүн башчысы Эсен Арыков катышты. 
Э.Сариеванын айтымында, быйыл Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүнүн жашоочулары кышында суук болгондугуна арызданып келишкен. "Мындан улам өкмөт республикалык бюджеттен бул мекемеге жаңы от казанын орнотууга 4,5 миллион сом бөлүп берген. Тендердин жыйынтыгында 3 миллион 790 миң сомго келишим түзүлгөн. Мындан тышкары 1 миң тонна көмүр сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишимге кол коюлган",- деди вице-премьер айым.
Министр К.Базарбаев өз сөзүндө Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүндө 5 жылдан ашык мөөнөттүн ичинде жылытуу маселеси оор болгонун айтты. "Эски от казаны имараттан алыс жайгашкандыктан, жылуулук түтүктөр аркылуу келе жатып муздап калчу. Жаңы от казанын жакын орноттук. Эми силер жылуу бөлмөлөрдө жашайсыңар",- деп кайрылды карыларга жана майыптарга министр.
Айта кетсек, учурда Төмөнкү Серафимовка жатак-үйүндө жалпысынан 364 адам жашайт. Анда 232 кызматкер иштейт. Мекемеде китепкана, массаж, физиотерапия, стоматология бөлүмдөрү бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur-patriot
2014-10-16 16:13:55
абдан сонун болуптур, үшүп чыгышпаса экен майыптарыбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан