Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түшкө жакын саат 11:00 чамасында катталган. Анда 26 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы Хонда унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен жол жээгинде токтоп турган жеңил унааны сүзүп, жаңы курулуп жаткан ресторандын дубалына барып урунган. Айдоочу оор жараат алып, ооруканага жеткирилген.