Ысык-Көл облусунда акыркы 9 айда 1724 кылмыш иши катталган

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 2014-жылдын 9 айын жыйынтыктап, буга карата ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 9 ай аралыгында 1724 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга азайганынан кабар берет. Бирок кылмыштуулуктун саны азайганы менен, кылмышкерлердин саны өсүүдө, ал көрсөткүч 3,5 пайызга же 1207ден 1250гө чейин өскөн.

Баңгизат менен байланыштуу кылмыштардын саны 217ни түзүп, бул көрсөткүч былтыркы жылдан өзгөргөн эмес. Бирок мыйзамсыз баңгизат жүргүзүүдө айланган баңгизаттын алынган салмагы 243 килограмм 126 граммды түзгөн, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 11 килограмм 415 граммга аз.    

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл ОИИБинин бир катар жетекчилерине карата дисциплинардык жазалар көрүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан