Эртең Бишкекте аскер лицейинин кадеттеринин ант берүү аземи өтөт

Бишкекте эртең, 17-октябрда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде кадеттердин салтанаттуу ант берүү аземи өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев катышмакчы. Иш-чаранын жүрүшүндө аскер лицейинин казармалык-турак жай фондунун, башка объекттеринин кышка даярдыгын текшерип чыгуу да каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан