"Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург (ред.- Калдарбек Абдраманов) тартиптик жазага тартылышы мүмкүн",- деди бүгүн, 16-октябрда журналисттерге социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева.Анын айтымында, операция жасаган дарыгер адис катары мактоо сөздөргө татыктуу. "Бирок ошол эле учурда анын шалаакылыгы орун алууда. Анткени 2 жылдын ичинде өкмөт тарабынан генераторду ишке киргизүү боюнча талаптар айтылып келген. Мындан тышкары Энергетика министрлигине медициналык мекемелерди электр энергия менен камсыздоону токтотпоо талабы да айтылган. Аталган операция жүргүзүлгөн Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борбору 1-категориядагы абоненттердин тизмесине киргизилиши керек болчу",- деп түшүндүрдү вице-премьер.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 11-октябрында электр энергиясынын өчүп калгандыгына карабай Жалал-Абад облусундагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдраманов жетектеген хирургдар кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасоого мажбур болушкан. Андан соң “Жалал-Абад электр” ишканасы бул тууралуу маалымат
тараткан.