Орусияда иштөөгө уруксат берүүчү патентти Кыргызстандан алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Мындан ары Орусияда иштөө үчүн уруксат берүүчү патентти Кыргызстандан сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда эмгек мигранттарынын айланасындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган тегерек столдо Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Бишкек жана Оштогу "Паспорт-виза сервис" федералдык ишканасынын филиалынын директору Бакыт Эркинбаев билдирди.

“Бир жылга берилүүчү патенттин баасы мурун 250 долларды түзсө, эми 120 доллар болот. Орусиянын "Паспорт-виза сервис" федералдык ишканасы бир гана патенттерди бербестен, бир жылдык медициналык камсыздандырууну да бермекчи. Анын баасы болгону 1500 рубль. Натыйжада эмгек мигранттары медициналык кызматты бир жыл бою бекер колдоно алышат”,- дейт Б.Эркинбаев.

Мындан ары мигранттар филиалга келип, тиешелүү документтерди тапшырган соң 10 күндүн ичинде биометрикалык карточка алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dadin1
2014-10-16 17:02:44
Патентпи же разрешение на работу дегенди алабы? Патент менен частный адамдарда эле иштей аласын,Организацияларда иштегенге уруксат берилбейт разрешение жок болсо,ананда организациялар ишке алыш учун ФМС тен квота сатып алышат. Эптеп акча жеп калмай болсо керек.Январдан БС кирсек мигрант-р раз.на работ-суз иштеп женилдик болот деп жатынар элего.
0
nasi00
2014-10-16 17:16:00
Кыргызстанда жасалса анда ал орусияга отпосо керек себеби аеропортто деле этке сут азыктарына атайын уруксат кагазын сатып алгам болчум россиянын аймагына киргенде бул эмне кагаз ал озунордо жарайт бизге отпойт деп койду анын сынары бул документтерге 100% кепилдик жок
+2
mirbakg
2014-10-16 17:19:15
Менде бир аз тушунбой жатам мисалы Москвада алган разрешение на работу менен Екатеринбургка келип иштей албайсынго Кыргызстандан алган документ менен боло бере бекен каалаган шаарда-?
+2
33SUUN
2014-10-16 18:00:04
Патент деп жазылып туратко даана эле.
+1
Manasasman
2014-10-16 18:58:03
Буларга ишенбей деле койсо болот. Дагы пайдасы тийбеген нерселерди таап башты орутушат да. Жаны жылга ББ киребиз миграттардын койгою казактар беларустардан ашпайт деп убада кылганы анан пайдасы жок патентерин бир жылга сатканы кандай
+1
myrza80
2014-10-16 18:59:55
Патент деп жазылганы менен мисалыга сен Россиянын кайсы шаарына барасын кайсы районуна прописка жасатасын,ошол жасаткан пропискандын негизинде сен ошол райондун фмсинен патен аласын.Билбейм менда анча тушунбодум,же кандайдыр бир женилдиктер болсо анда.
0
bozik
2014-10-16 23:08:32
В рамках вхождения Кыргызстана в Таможенный союз вопрос трудовых мигрантов не рассматривался. Об этом сегодня, отвечая на вопросы журналистов, заявил министр экономики КР Темир Сариев.

Глава Минэкономики после одобрения кабмином Дорожной карты по вступлению в КР Таможенный союз в интервью журналистам остановился на следующих моментах:

- Таможенный союз предусматривает условия движения товаров через границу, проще говоря, импорт и экспорт.
0
bakaika
2014-10-17 08:09:59
Т.С дун мигранттарга эчкандай пайдасы жок, мисалы казакстан давноле т.союзда, казакстандык орустар мен кантип документ тууруласам ошентип эле туурулап журошот мени менен чогуу эле.
0
bai.kymbat
2014-10-17 11:16:06
патентин баасы москвада 2500 рубль + анын ичинде 1айлык чеги бар анан кайдагы 250,120 долларды айтып жатышат.????
0
anara-anara
2014-10-17 14:29:21
bai.kymbat, Ошонусуна мен да тан калып атам. Булда болбогон нерсего.
0
kg_sulushka
2014-10-17 16:46:46
250 $ degeni 1jyldykty srazu toloit okshoit da.naprimer:3min rublga patent jasatasyn+ai saiyn 1216rub bankka tolop turasyn tuuraby?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан