Пара алып жаткан жеринен кармалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерин сот коё берди

Баткен облусунда кармалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерин Бишкек гарнизондук соту аталган комитеттин Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчилигинин кепилдиги менен коё берди. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кадамжай шаарына жакын жерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалышканын маалымдаган. Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматты төгүндөгөн болчу.

Бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлиги кармалгандардын бири гана кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын билдиришти. Экинчисинин эмне себептен жоопко тартылбастыгын айтышкан жок.

Ал эми аталган кызматкерлерди кармоо учурунда тартылган видеодон эмнегедир 4 адамдын кармалганын көрүүгө болот. 

УКМКнын кызматкери пара менен кармалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dadin1
2014-10-16 17:26:51
Мына сага мыйзам! кечээ куну эле кармалган эмес,жалган деп айтышып.Бугун кармалгандыгы аныкталып, кайра эле сот болуп соттон чыгып кетиптирго.Эмне учун иш козголгон эмес? кызык,кызык...
+2
_KipchaK_
2014-10-16 17:34:33
АКС озу коррупциялашканы - Кыргызстанда коррупциянын эн жогорку чегинде экенинин корсотот.
+3
aidai89
2014-10-16 19:28:30
бул да болсо коррупция
+1
nargiz_96
2014-10-16 19:51:57
супер инфо бетери корунбоптурго аны менда тартип киргизип койомда
0
admin_portal
2014-10-17 10:57:41
nargiz_96, Саламатсызбы!
Бул видеону редакция барып тартып келген жок.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
emilbek1
2014-10-16 20:46:12
Карга карганын козун чокубайт...
+1
Ala-Too
2014-10-16 22:56:20
Сот озу да коррупционер, паракор болсо койо берет да албетте, кел тен болушолу, ошону менен иш бутсун дейт, анын устуно камагандан да коркот, анткени камап салса тигинин санаалаш коллегалары эртен тиги сот пара алып жаткан жеринен кармап алат, так что аркасы б...к болгон сон артын карап иш кылат соттор да.... Тан калбагыла, бул 23 жылдан бери онугуп коррупциянын гулдогон маалы, муну жок кылуу учун башкаруу системасы туп тамырынан озгоруп СССР же Кытайдын башкаруу системасы келиши керек....
+2
557
2014-10-17 11:42:16
Баарына кудайым тараза АКС аман эле болгула!
0
Beki61
2014-10-19 14:56:55
Эмне учун кармашты, эмне учун бошотушту...
0
Deniza88
2014-10-19 17:26:05
Ээн АКС оздорун Кудай сезип калышкан да азыр. Тоотпойт да эч кимди
0
Manasasman
2014-10-20 14:21:38
Карга карганын козун чукубайт. Ыйык сот бар дагы кудайдын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан