
* Мындан 97 жыл мурун, 1917-жылы опера ырчысы
Сайра Кийизбаева Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында солист болуп иштөөдөн баштаган. Кийин бүт өмүрүн опера жана балет театрында өткөзгөн. Согуш учурунда жарым жылча фронт аралап концерт берип, согуштан кийин Москва консерваториясынан музыкалык билимин өркүндөткөн. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жеке ырдоо кафедрасынын башчысы жана профессору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1988-жылы 71 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы мамлекет башчынын жарлыгы менен Бусурманкул Табалдиев башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Камбаралы Конгантиев дайындалган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1972-жылы түрк ырчысы
Таркан Германияда туулган. Мектепти аяктаган соң инженер болом деген максатта Стамбулга келип, сынактан кулап калган. Таркан Стамбулда калууну туура көрүп, акча табыш үчүн майда тамактануучу жайларда ырдап иштей баштаган. Кийин кайрадан Германияга келип, 1992-жылы 15 ыры камтылган "Yine sensiz" ("Дагы сенсиз") деген аталыштагы алгачкы альбому 700 миң нуска менен чыккан.

* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы СССРде “ГласНет” деген аталыштагы алгачкы оператор пайда болгон жана ал өлкөдөгү алгачкы интернетке интерактивдүү кирүү мүмкүнчүлүгүн жараткан.